Кыргызстанда 8 мамлекеттик органдын статс-катчылары аттестациядан өтүштү

Кыргызстанда 8 мамлекеттик органдын статс-катчылары ээлеген кызматына ылайыктуулугу боюнча аттестациядан өтүштү. Муну бүгүн, 18-апрелде Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. Аттестациялоо иштери 2014-жылдын январь айында башталып, андан төмөнкүлөр өтүштү:

Батыркул Баетов– Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы

Бактыбек Жекшенов – Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы

Болот Сыдыков – Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы

Абдисамат Сагымбаев – Мамлекеттик байланыш агенттигинин статс-катчысы

Бакытбек Сагынбаев – Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы

Паиза Сүйүмбаева – Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы

Таалайбек Темиралиев – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы

Абдухалык Шамшиев – Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын статс-катчысы

Аталган статс-катчылардын баары “ээлеген кызматына ылайыктуу” деп табылганы белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан