Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев "Ак-Буура дарыясынын абалы мышык ыйлагыдай" дейт

Бүгүн, 18-апрелде Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү программасынын долбоору боюнча коомдук талкуу болду. Ага катышкан шаар мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы көйгөйлүү маселелерге токтолду.

"Ошту "чоң кыштак" дегендерди угуп жүрөбүз, буга кошулбайм. Ош шаары - Кыргызстандын тарыхый борбору. Бирок Ак-Буура дарыясынын абалына мышык ыйлайт. Тиешелүү жетекчилер, өз ишиңерди так аткаргыла. Ошондой эле шаарда ишкердикке тоскоол болбошубуз керек. Шаардын өнүгүшүнө салым кошом дегендердин сунушун четке какпашыбыз керек",- деди мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан