Жакында Индиянын Индаур шаарынын тургундары Пракаш аттуу бука менен Ганга аттуу уйду үйлөнтүштү. Мындай маалыматты бүгүн, 18-апрелде британиялык маалымат каражаты жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, тургундар шаарда тынбай жааган нөшөрдөн жана мөндүрдөн улам жаратылышка сыйынып, бардык индей эли ыйык деп санаган жандыктарды үйлөнтүүнү туура көрүшкөн. Алар "булардын үйлөнүү тою шаарыбызга береке алып келет, түшүмсүздүктөн сактайт" деген ишенимде экенин айтышкан.
Фермерлер бул тойго 80 доллардан акча чогултуп, 2 ай толугу менен даярданышкан. "Эки жашка" атайын үлпөт кийимин тиктирип, ал тургай Гангага кымбат баалуу зер буюмдарды сатып алышкан. Бул тойго миңдеген адамдар күбө болуп, ди-джейдин коштоосунда ырдап-бийлешкен.