“Ата Журт” фракциясынын 18-апрелдеги жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отставкасын талап кылды. Депутат мындай демилгесин Камбар-Ата-1 ГЭСи менен байланыштырды. Айтымында, аталган ГЭС 30 миллион доллар карыздын эсебинен курулууда.
“Жоомарт Оторбаев буга чейин инвестиция тартуу боюнча вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган болсо, азыр өкмөт башчы. Мындай инвестициялык, энергетикалык жактан келекелөө абалы үчүн ал жооптуу. Ошондуктан мен Оторбаевдин отставкасын талап кылам. Президент эки айдан кийин өкмөттү отставкага жиберүү ниетин айткан. Келгиле, ага жардам берели. Бул өкмөт жакшы иштей албай жатат. Мен өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрөм”,- деди Мыктыбек Абдылдаев.