Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетовдун берген маалыматына ылайык, бүгүн, 28-декабрда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы жетим балдар үйүндө тарбияланып жатышкан 80ден ашык балага өзүнүн атынан жаңы жылдык белектерин берип, каалоо-тилектерин билдирип кайтты.