Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылып, жалган маалымат тараткан ММКларды кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзамга кол койбоого чакырды.
"Жогорку Кеңештин депутаттарынын бул демилгеси КРнын Конституциясынын негизги жоболоруна каршы келет. Мисалы, Баш мыйзамдын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, инсандын ар-намысына шек келтирген маалыматты жайылткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого жол берилбеси жазылган. Ушундай эле ченем Конституциянын 33-беренесинин 5-пунктунда да бар, “адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн жарандын кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес” деп турат”,- дейт Аманбаев.
Эгер бул мыйзамга мамлекет башчы кол койсо, анда акыйкатчы Жогорку Соттун Конституциялык палатасына кайрылары айтылды.