Жол кырсыгына кабылгандардын көбү 25 жашка чейинки айдоочулар

Статистика боюнча, жол кырсыгына кабылгандардын дээрлик басымдуу бөлүгүн 18-25 жашка чейинки жаштар түзөт. 2014-жылдын 1-кварталында 176 факт катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов кабарлады.

“Жол кырсыктарына көбүнчө жаш айдоочулар кабылышат. Мунун эң башкы себеби болуп жол эрежесин бузуу саналат. Азыркы жаш айдоочулар рулга отурганда ал мактануучу же кыйындыгын көрсөткүч эмес, транспорт экенин унутпай жүрүшсө дейм”,- дейт Т.Оторов.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жаш айдоочулардын кызуу кандуулугу көптөгөн жол кырсыктарынын себеби болууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zamir.79
2014-04-18 15:20:20
Айдоочулук куболукту окутпай туруп акчага сатканынарды тыйыш керек биринчи. Кобунчосу сатып алгандар жол эрежесин билбегендиктен кырсык коп болуп атпайбы.
+2
gulperi.kg
2014-04-18 16:22:37
Чындап эле этият болгула мактанбагыла, силерге омур керек машина эмес ал эмне техника 5мин та талкаласан жок болот
+1
yrchy_jigit
2014-04-18 17:56:08
Праваны сатып алгандардын кобу эле 25 жашка чейинкилер болуп атпайбы...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан