Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардык Жол-курулуш башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Абдылдакуновго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сөгүш 2013-жылда куруу жана пайдаланууга тапшыруу пландаштырылган курулуш мекемелери боюнча иштердин сапатын жакшыртуу, курулуштун нормаларын жана эрежелерин сактоону камсыз кыла албагандыгы, курулуш-монтаждоо иштериндеги олуттуу мыйзам бузууларга жана бюджеттик каражаттардын максатсыз пайдаланышына жол бергени үчүн жарыяланды.