"Кыргызстанда 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык көрүү алкагында шайлоо мыйзамдарын реформалоо иштери жасалып жатат",- деп билдирди 18-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Санкт-Петербургда өткөн КМШ ПАнын кеңешинин жыйынында. Жээнбеков кесиптештерине Кыргызстандагы шайлоо мыйзамдарынын бардык тутумун реформалоо боюнча маалымат берди.
"Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан шайлоо жүрүмүнө карата стратегиялык мамиле жолдору иштелип чыкты. Парламенттик демократияны андан ары ийгиликтүү өнүктүрүү, жыйынтыгы Кыргызстан калкын күмөн санатпай тургандай, алдыдагы парламентке, жергиликтүү кеңештерге, өлкө президентин шайлоону калыс өткөрүү үчүн шайлоо жүрүмүнө жаңы технологияны киргизүү пландаштырылууда",- дейт Жээнбеков.