30-31-декабрда өлкө аймагында кар жаабайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорологиялык агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул күндөрү аба ырайынын көрсөткүчү -3төн 0 градуска чейин болот. 1-январда абанын температурасы төмөндөй баштайт. Рыскелди Асанкожоев белгилегендей, түнкүсүн Чүй, Талас облустарында -25, Ысык-Көл аймагында -22, түштүктө -10, ал эми күндүз өлкө аймагында -5тен 0 градуска чейинки температура сакталат. Эң төмөнкү температура Жалал-Абад облусунун Суусамыр өрөөнүндө -32 градус болору күтүлөт.