Баткен. Зардалыдагы жардыруудан жаракат алган жана каза болгон балдардын аты-жөнү такталды

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева Зардалы айылындагы жардыруудан жаракат алган жана каза болгон балдардын аты-жөнү такталганын маалымдады. Алар: 
2005-жылы 2-мартта туулган Жолдошбай уулу Алмазбек 
2006-жылы 9-ноябрда туулган Топчубай уулу Санжар 
2009-жылы 31-мартта туулган Абулмажинов Нойгутбек 
2003-жылы 27-ноябрда туулган Касымалы уулу Түгөлбай 
2006-жылы 18-августта туулган Умаров Бекболот 
2007-жылы 31-августта туулган Ысак уулу Илимидин 
Маалыматтарга караганда, 2006-жылы туулган Бекболот Умаров окуя болгон жерде каза болгон. Баткен облустук ооруканасына алып бара жаткан учурда 2007-жылы туулган Абулмажинов Нойгутбек көз жумду. 

Эске салсак, жарылуу 17-апрель күнү Зардалы айылындагы “Коргон” чек ара заставасында болгон. Белгилүү болгондой, 4 жаштан 10 жашка чейинки 6 бала айыл четинде ойноп жүрүп жардыргыч зат таап алган. Этиятсыздыктан улам жарылуу болуп, 5 бала ар түрдүү жаракат алган. Ал эми бир бала окуя болгон жерде көз жумган. Дагы бири ооруканада каза болгон.

Алар Баткен согушунан калган гранатаны таап, ойноп жатып жардырып алышкан. Учурда экөөнүн абалы оор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
dosboss
2014-04-18 16:40:26
Журогум зыркырап, козумо жаш толуп кетти.... Ата-энелери кантти экен? Менин да 2 уулум бар, аларды оз омурумдон да артык кором! Каза болгон балдардын ата-энелерине кайрат айтам. Ото окунучтуу! Балакатка да чыгыша элек балдар... эххх...
+3
ardagym
2014-04-18 18:17:26
жардыруу качан болгонун жазса болбойт экенби,кишини кыжалат кылбай
+1
admin_superstan
2014-04-18 19:06:17
ardagym, андай кабар жазылган:
http://www.super.kg/kabar/news/60879/
0
meerimbek_kudaiberdiev
2014-04-18 18:39:14
жалан кыргыз балдарго мумкун буну жаны эле коюшкандыр
+1
aiba91kg
2014-04-18 23:07:50
Эне суту озунан кете элек жапжаш балдар,оюндан от чыгат деген ушул да,байкуштар
0
nura27
2014-04-19 16:01:50
Граната бул балдардын колуна кандай тушконун ким билет.Элин,жерин,границасын коргой албаган биздин генералдар,атка минерлер оздорунун балдарын ушул балдардын ордуна коюп корушсо болмок.Балдардын жайналлахым жаннатан берген болсун.




0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан