Владимир Путин "Людмила Александровнаны турмушка узатып, анан өз жашоом тууралуу ойлоном" дейт. Бүгүн Новосибирск шаарынын пенсионери Путинанын колун сурады

Кечээ, 17-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин эл менен кезектеги түз байланыш учурунда "Качан үйлөнөсүз?" деген суроого "Мен алгач мурунку жубайым Людмила Александровнаны жакшы адамга күйөөгө беришим керек. Ошондон кийин гана өзүм тууралуу ойлоно баштайм" деп жооп берген эле. А бүгүн болсо Новосибирск шаарынын тургуну, пенсионер Юрий Бабин маалымат каражаттары аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин мурунку аялы Людмила Путинанын колун сурады. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Юрий Бабин өз билдирүүсүндө "Мен 2008-жылдан бери бойдокмун жана Людмила Александровна Путинанын колун сурагым келет. Бул тууралуу 2 ай мурун эле ойлонгон болчумун. Кечээ Владимир Путин бул оюмду дагы бир жолу эске салды. Мен кыялым орундалат деп ишенем" деп айтып, жашы Путин менен тең экендигин кошумчалаган.

Юрий Бабинди жергиликтүү калк "тыйын миллионери" деп тааныйт. Анткени ал жалпы салмагы 7,5 тонна болгон 5 миллиондон ашык советтик жана Орусиянын тыйындарын чогулткан. Ал 2012-жылы бул коллекциясын 19,9 миллион рублга сатыкка койгон. Тилекке каршы, кардар чыккан эмес.  

Эске салсак, Путин жубайы Людмила менен 2013-жылдын июнь айында ажырашкан. Алар 30 жылга жакын чогуу жашап, Мария жана Екатерина аттуу эки кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан