Бир аптада Бишкектин базарларында картошканын баасы кескин өстү. Учурда өткөн жылдын түшүмдөрүнүн килограммы 45-50 сомдон сатылып жатат. Ал эми эрте жазда базарга чыккан картошканын 1 килограммы 120 сом болууда.
Жашылча-жемиштердин ичинен пияздын да баасы өскөнү байкалууда. Учурда 1 килограмм пияздын баасы 35-40 сомду түзүп жатат. Бир апта мурун картошканын баасы 30-35 сом болчу. Соодагерлер кымбатчылыкты “Жаз ортолоп калды. Картошка, пияздар сатуучулардын да колунда аз-аздан калды. Ошол себептүү кымбаттап кетти. Негизи, жыл сайын ушул маалда картошка, пиязга болгон баа өсүп кетет” деп түшүндүрүштү.
Андан тышкары күнөсканада өстүрүлгөн капуста базарга 40 сомдон түшсө, чамгырдын килограммы 120 сом болуп жатканы белгилүү болду.