“Өзүнүн чыгаан уулдарын унутпаган өлкөнүн гана келечеги болот” деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы бүгүн, 18-апрелде белгилүү академик, илимпоз Муса Адышевдин мемориалдык тактасынын ачылышына катышты.
“Муса Адышев - тарыхый инсан, ал кыргыз илиминин өнүгүшүнө мыкты салым кошту. Өлкөдөгү геологиялык мектептин негиздөөчүсү. Кыргызстанда айрыкча жаштар өлкөнүн өнүгүшүнө ири салым кошкон улуу адамдарды эстеп турушу керек”,- деп билдирди өкмөт башчы.
Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев жана башкалар катышты.