Баткен шаарында чоң майрам. Дегеним, кечээ, 17-апрелде облуста туризмди өнүктүрүү максатында "Баткен-2014"
II Эл аралык форуму өттү. Ага чет элдик инвесторлор катышып, айгүл гүлдөрүнүн жанында эстеликке сүрөткө түшүшкөн. Ал эми бүгүн, 18-апрелде Баткен жергесинде өрүктөрдүн жана айгүл гүлүнүн гүлдөшүнө арналган «Алтын өрөөн» фестивалы өтүүдө. Фестивалга Тажикстандын, Өзбекстандын чек арага жакын айылдарынын өкүлдөрү, Баткен шаарында жашаган ар түрдүү этникалык топтор жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри
Камила Талиева, «Ар-намыс» фракциясынын депутаты
Бөдөш Мамырова чакырылган. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинен кабарлашты.
Маалымдагандай, фестивалдын ачылышында Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов сөз сүйлөп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал өз сөзүндө бул иш-чара улут аралык ынтымакты, достукту бекемдөөгө чоң өбөлгө түзө аларын баса белгиледи. Келген коноктор эстрада ырчыларынын, элдик ырчылардын жана бийчилердин концертине күбө болушту.