Мурдагы шаар башчысы Иса Өмүркулов боюнча сот иши кийинкиге жылдырылды (фото)

Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы шаар башчысы Иса Өмүркуловдун жана мэриянын айрым кызматкерлеринин иши боюнча соттук отурум болду. Ага айыпталып жатышкан Өмүркулов, Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетовдор келишти. Күбөлөр Каныбек Нарбаев менен Татьяна Бурова жактоочулар менен айыптоочулардын суроолоруна жооп беришти. Бирок күбөлөрдүн толук келбегендигине байланыштуу сот отуруму 24-апрелге жылдырылды.  

26-март күнү Башкы прокуратура Өмүркуловдун ишин Октябрь райондук сотуна өткөрүп берген эле.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-мартта мэр кызматтан кеткен. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан