ЖККУнун Туруктуу кеңешинин төрагалыгы Кыргызстандын өкүлүнө өткөрүлүп берилди

2012-жылдын 25-декабрында Москва шаарында Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжанын катышуусунда уюмдун Туруктуу кеңешинин жыйыны болду. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Аталган жыйынга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын өлкөлөрүнүн ЖККУдагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө Туруктуу кеңештин 2012-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, андан соң Туруктуу кеңештин төрагалык кызматы Кыргызстандын өкүлү, КРнын Орусия Федерациясындагы элчилигинин кеңешчиси Нурбек Ильязовго өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан