КРнын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери 2010-жылы Германияда уурдалган автоунааны таап, тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришти. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 12-апрелинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын автоунааларды уурдап качууга каршы бөлүмү Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кыргыз-казак чек арасынан Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү автоунааны кармашкан. Унааны Украинанын жараны башкарып бараткан. Текшерүүгө алганда Е.Г. аттуу жаран аталган унааны жасалма документтер менен айдап жүргөнү белгилүү болгон. Укук коргоочулар Интерполго сурамжылоо жөнөтүшкөндө, 2008-жылы чыккан Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаа 2010-жылы уурдалып, издөөгө алынгандыгы тууралуу жооп келген. Учурда жогорудагы унаа тууралуу чогулган материалдар тергөөгө жиберилип, унаа айып жайга токтотулду. Маалыматтарга караганда, унааны башкарып жүргөн Украинанын жараны автоунааны Кыргызстанда сатып жиберүүнү пландап жаткан.