Төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы 17-18-апрель күндөрү Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын, Евразиялык экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарына катышты.
Жыйындарда депутаттык жигердүү ишмердүүлүгү жана парламенттер аралык кызматташууга кошкон салымы үчүн депутат Абдимуталип Кочкорбаев менен Мирлан Бакиров ЕврАзЭШ ПААнын Ардак грамотасы менен, депутат Максат Сабиров КМШ ПААнын Содружество ордени менен, ал эми депутат Дастан Бекешев КМШ ПААнын Ардак грамотасы менен сыйланды.