Саруу айылынын тургундары боюнча соттун жүрүшүндө судья прокурордун соттолуучулардын бири Кайрат Качагановго карата коргоо чараны өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырбай койду.
Эскерте кетсек, К.Качаганов эч жакка чыкпоо тил каты менен жүргөн. Бирок ага карабастан, 2014-жылдын 6-апрелинде К.Качаганов Талас облусунда 7-Апрель баатырларына арналган иш-чарага катышкан. “Ошонун себебинен К.Качагановду камакка алуу чарасын колдонууну сунуштайм” деди прокурор.
Жактоочулар “К.Качаганов Кыргызстандын чек арасынан чыккан эмес. Ал өлкөнүн ичинде эле жүрдү. Бул Конституция бузууга кирбейт. Ошондуктан прокурордун өтүнүчүн кароосуз калтырууну суранабыз” дешкен.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Саруу айылынын 7 тургуну боюнча биринчи соттук отурум өтүп жатат. Соттолуучулардын арасында Айбек Сарыбаев, Дастан Жунушбаев, Кайрат Качаганов, Абай Узаков, Кубат Токсобаев, Акылай Кенекеева, Талант Ылаев бар. Алар "Каракол шаарында баш аламандык уюштуруу" боюнча айыпталып жатышат.