Бүгүн, 18-апрелде президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ардагерлер уюмдарынын жетекчилерин кабыл алды.
Жолугушууда өлкө башчы 2015-жылы белгиленчү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо пландарын айтып берди. “Жеңиш майрамын белгилөө максатында өкмөттө премьер-министр жетектеген уюштуруу комитети түзүлүп, иш-чаралардын тиешелүү планы бекитилген”,- деди Атамбаев.
Мамлекет башчы ардагерлер менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулап, мамлекеттик органдардын ишмердигинин негизги багыттары жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген пландар боюнча өз оюн ортого салды.
Президент согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине социалдык жактан жардам көрсөтүү, кыргызстандык жаш муундарды патриоттуулуктун жана жогорку адеп-ахлактык идеалдардын негизинде тарбиялоо маселелерине өзгөчө басым жасады.
Жолугушууга согуштун жана эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин уюмунун республикалык кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев жана өлкөнүн облустук жана Бишкек жана Ош шаарларынын ардагерлер уюмдарынын жетекчилери катышышты.