Кыргызстанды 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында 50 миң гектар жаңы жер колдонууга берилет. Муну төрага Асылбек Жээнбеков 18-апрелде ЕврАзЭШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында айтты. Жээнбеков аталган ассамблеянын жыйынында Кыргызстандагы айыл чарба өндүрүшүн мамлекеттик колдоонун укуктук жактан камсыздалышы темасында баяндама жасады.
“2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияга ылайык, 2017-жылга карата айыл жергесинин тургундары үчүн жаңы жана кайтарылган 50 миң гектар айдоо жерлери колдонууга киргизилет. Ал эми 80 миңдей дыйкан чарбалары же 200 миңден ашуун адам сугат жана ичүүчү суу менен кошумча камсыздалат”,- дейт төрага.