“Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрүнө Орусия менен Кытайда суроо-талап күчтүү” деди Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-апрелде ЕврАзЭШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында Кыргызстандагы айыл чарба темасы боюнча баяндама жасады. Ата мекендик эт, сүт, жашылча-жемиштерди экспорттоо көлөмүнүн жогорулап жатканына токтолгон төрага Кыргызстандын айыл чарба өнүмдөрү эл аралык рынокто экологиялык жактан тазалыгы жана баасы боюнча атаандаштыктын жогорку көрсөткүчүнө ээ экенин айтты. “Кыргызстанда айыл чарбасын өз мүмкүнчүлүгүнө жараша өнүктүрүүнүн келечеги бар. Негизги басым экологиялык жактан таза азык-түлүк өндүрүүгө коюлуп жатат. Кыргызстанда өстүрүлгөн өнүмдөргө өлкө сыртындагы аймактарда, алсак, Орусия менен Кытайда чоң суроо-талап болууда”,- дейт төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан