Өкмөткө караштуу Монополияга каршы агенттик өлкө базарларында картошканын баасынын кескин кымбаттап кетишине чара көрө албайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде аталган агенттиктин директорунун орун басары Бактыбек Исаев SUPER.KG порталына билдирди.
Бишкектин базарларында картошканын баасы кескин жогорулады. Учурда өткөн жылдын түшүмдөрүнүн килограммы 45-50 сомдон сатылууда. Бирок буга Монополияга каршы агенттик эч кандай тыюу сала албайт, жөн гана рейд жүргүзүп турат.
“Биздин агенттик базардагы картошканын баасына көзөмөл кыла албайт. Картошкага гана эмес, айрым жашылча-жемиштердин баасын да тескөөгө укугубуз жок. Өкмөт тарабынан токтом бекитилип берилсе, чара көрө алабыз. Ал эми сүт азыктары, ун, шекер сыяктуу айрым азык-түлүктөрдүн бааларына 2012-жылдагы №242-токтомдун негизинде чара көрөбүз”,- дейт Бактыбек Исаев.