Голливуд жылдызы Брэд Питт өзү менен жолугушууну 25 миң долларга баалоодо

Голливуд жылдызы Брэд Питтин эки күйөрманы актёр менен жолугуша алат. Бирок аны менен жолугушуу үчүн күйөрманы 22-апрель күнү Питт түптөгөн "Make It Right" кайрымдуулук уюмунун эсебине 25 миң доллар которушу шарт. Бул акцияга катышкандардын ичинен эки адам тандалат. Аларга 6-майда АКШнын Жаңы Орлеан шаарына барып, андагы отелдердин биринде 3 күн эс алып, Питт менен бирге кайрымдуулук ишине катышууга мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, актёр "Make It Right" кайрымдуулук уюмун 2007-жылы Жаңы Орлеанда болгон катуу шамалдан жапа чеккендерге жардам кылуу максатында түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Desmond
2014-04-18 18:35:56
Укмуш го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан