Бүгүн, 18-апрелде вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдун жетекчилиги менен Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 23-24-апрелдеги жыйындарынын күн тартибин бекитти.
23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Мөңгүлөр жөнүндө”, “Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Өрт коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” боюнча мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрү киргизүү жөнүндө”, “Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлору каралмакчы.
24-апрелдеги жыйынында “Камкордук кеңеш жөнүндө”, “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралат.
Ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан депутат Ахматбек Келдибековду кармоо жана 2013-жылдын 20-ноябрында УКМКнын СИЗОсуна камоо фактысынын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы талкууланат.