"Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында баш аламандык уюштурушту" деп айыпталып жаткан Саруу айылынын тургундары боюнча сот отуруму 23-апрелде улантылат. Бул тууралуу соттун жүрүшүндө судья жарыялады.
Анын айтымында, аталган күнү соттук жүрүштө микрофон жана үн бийиктеткич жабдуулар колдонулат. Анткени бүгүнкү отурумда соттолуучуларга жана алардын туугандарына прокурордун үнү угулбай жатты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Саруу айылынын 7 тургуну боюнча биринчи соттук отурум өттү.
Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында «Кумтөр» боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар деп Жети-Өгүз районунун тургундары Айбек Сарыбаев, Дастан Жунушбаев, Кайрат Качаганов, Абай Узаков, Кубат Токсобаев, Акылай Кенекеева, Талант Ылаев кармалып, аларга «барымтадагыларды бошотпоо», «бейбаштык» жана «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.