Бишкектин казысы кызматкерлерин тартип сактоого, тазалыкка чакырды

Бишкекте бүгүн, 18-апрелде шаардык мусулмандар казысы, борбордук мечиттин имамы Садридин ажы Мажитов эмгек жамааты менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Дин башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта белгиленгендей, казы тартипти, тазалыкты жакшы кароого чакырды. Андан тышкары аял кишилердин мечитке жоолук менен келүүсүн эскертип туруу боюнча кызматкерлерге тапшырма берди.

“Мечитке дем салдырганга айрым аял кишилер жылаңбаш, көкүрөктөрү ачык келүүдө. Биз мечитке урмат көрсөтүп, Курандагы аяттарда айтылгандай, ачык жерлерин жаап, жоолук салынып келүүсүн суранат элек”,- дейт Садридин ажы Мажитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
880909
2014-04-18 18:45:46
антип ачык чачык келишсе мечиттин короосуна киргизбей же дем салбай коюш керек мееси жокторго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан