Түштүк Кореяда чөгүп кеткен кемеден куткарылган мугалим асынып алды 

Түштүк Кореяда чөгүп кеткен кемеден куткарылган Кан аттуу мугалим асынып алды. Ал мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 18-апрелде кабарлашууда.

Эске салсак,16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыгышкан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери. Кырсык жээктен 100 чакырым алыстыкта катталган. Анда кеме суу алдындагы тоо кыркаларын сүзүп алып, мындан улам кеме чөгө баштаган. Буга коюу тумандын себеп болгону айтылып жаткан. Учурда 179 адам куткарылып, 277 дайынсыз жоголууда.

Адистер суу астына кеткен кемеде абасы бар айрым бөлүктөрдө тирүү калгандар болушу мүмкүн экендигин айтышууда. Айрым маалыматтарда чөккөн кеменин ичиндеги адамдардан туугандарына кыска “бизди сактап калгыла” деген СМСтер келген. Кемени деңиз түбүнөн алып чыгуу үчүн атайын сүзүп жүрүүчү үч кран алып келингендиги да кабарланууда. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
saltanat.
2014-04-18 18:18:12
Мугалим эмне себептен асынып алган?
0
Dadin
2014-04-18 19:01:19
saltanat., Класс жетекчиси окуучуларын куткара албай ата-энелердин алдында озун кунолуумун деп асынып алган.
+3
zamir..
2014-04-18 19:07:17
saltanat., кореянын кайсы бир экс президенти.презитентен тушуп калган адам.президент болуп жургондо жаман болгон деген жон эле ушакты укканда чыдабай озун чардан таштап жиберген.корейлер мындайды озунун куноосу катары кабыл алат
+3
Bella-life
2014-04-18 21:02:35
Маалыматтарда тоо кыртышын сүзүп алган деп жазып жатышат.
бирок андай эмес экен.
кораблдын капитандары ошол маалда уктап жатышкан, алардын иш ордун 25- жаштагы экипаж башкарып бараткан, жана ал жолдо туура эмес кетип бара жатканын байкап, кораблды резко буруп жиберген экен,
ошондон кийин гана кораблдын башы тоо кыртышына тийип, силкинип, ичи толо машина, контейнер, трактор ж.б тең салмакты кармай албай тез арада эле ооп кеткен - деп жатышат
+3
Bella-life
2014-04-18 21:12:48
Дагы кошумчалай кетчү нерсе, Sewol корабль, азыр кырсык болгон жерден мурун бир канча ирээт жолду кесип өтүп жүргөн экен, ал кезде капитан өзү болгондуктан өз жолун так билчү, , мында опыты жок 25- жаштагы практикант бала кайсы жол кандай экенин билбегендиктен кырсык болду деп жүрөт
+5
zamir..
2014-04-19 09:42:28
капитанды омур бою турмого деген чечим кабыл алышат окшойт.корей каналдарында мындан башка эч нерсе корсотпой калды
0
nazhiev80
2014-04-19 11:25:39
Титаник(((
0
Dadasdasd
2014-04-19 20:26:25
Эми мугалимде күнөө жокта. Байкуш шок болуп жүрүп эмне кылганын да билбей калганго.
0
den.21
2014-04-20 02:06:34
озун куноолуу сезип асынып алса канчалык журогу таза адам карагылачы! А биздин ревалюцияда 85адам каза болду,ош окуясында коооптогон адамдар каза болушту буга куноолуу зоокурлорда ошол карей мугалимден улгу алса болгудай экен. Ойноп кулуп журушотко.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан