Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин бир катар кызматкерлери мыйзамсыз түрдө класстык чиндерди алышканы ачыкка чыкты

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде 2011-2012-жылдары бир нече кызматкер мыйзамсыз түрдө класстык чиндерди алышкан. Муну бүгүн, 18-апрелде Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти. Министрдин 2 орун басары “мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси” деген чин алышып, ага министр (ред. Алиясбек Алымкулов) буйрук чыгарып берген. Алар: Ниматова И.БАлыгулова К.А

Мындан сырткары министрликтин бир катар бөлүм башчыларына тийиштүү жол-жоболорду басып өтпөй туруп класстык чиндер берилгени ачыкка чыкты. Чиндерди министрликтин төмөнкү кызматкерлери алышкан:

Жукешов М.К. – Социалдык жана аймактык саясат бөлүмүнүн башчысы (мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси)

Жолдошова А.С. – Анализ, инвестиция жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы (мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси)

Абдилатов К.А. – Иш-өндүрүш, кадрдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы (мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси)

Жекшенов Т.Б. – Уюштуруу жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы (мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси)

Жакыпбеков Э.А. – Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы (мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси)

Иманкулова Э.Т. – Каржы бөлүмүнүн башчысы (мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси)

Аталган кызматкерлер класстык чиндеринен ажыратылганы белгилүү болду. Чин алган кызматкерлердин айрымдары министрликтен айдалып, учурда башка мамлекеттик органдарда иштеп жатышат. Мамлекеттик кадр кызматы алардын чиндери үчүн айлыгына кошумча акча бөлүүнү токтотууну тийиштүү мекемелерден суранат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан