“Супер-Инфо” гезитинин окурмандары жана SUPER.KG порталынын колдонуучуларынын демилгеси менен мындан үч жыл мурун баш калаадагы “Ататүрк” сейил багынын бир бөлүгүнө 90 түп түрдүү бак-дарак көчөттөрү отургузулуп, ал жер "Достук багы” деп аталган.
Бүгүн, 18-апрелде “Супер-Инфо” гезитинин жана SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз эстрада жылдыздары менен бирге ишембилик өткөрдү. Бул ишембиликке “Кеңеш” тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетов, ырчы Жоодарбешим, Нурлан Насип, “Жебе” тобунун жигиттери, ырчы айымдардан Бегимай Бекбоева, Гүлнур Асанова, Асел Кадырбекова, Айгерим Расул кызы жана "тамашоучу" Самат Эркинбеков, “Супер сулуу-2013” сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева катышышты. Алар отургузулган көчөттөрдүн түптөрүн жумшартышып, бактын айлана-тегерегин таштандылардан тазалашты.
Бул ишембиликтин видеоверсиясын SUPER.KG порталынан көрө аласыздар. Ошондой эле “Супер-Инфо” гезитинен жакынкы аралыкта окуй аласыздар.