Кара-Көл шаардык мэриясынын жооптуу кызматкери "мамлекетке 12 миллион сом зыян алып келген" деп айыпталууда

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык мэриясынын жооптуу кызматкери ири коррупциялык иштер боюнча айыпталууда. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкердин былык иштерге тиешеси бардыгы УМККнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы коррупциялык механизмдерди ачыктоого арналган пландык иш-чарасы учурунда билинген. Белгилүү болгондой, айыпталып жаткан жооптуу кызматкер "Мегастрой" ишканасынын жетекчилиги менен мыйзамсыз келишим түзүп, көптөгөн акчаларды өз кызыкчылыгына пайдаланган. Ал мэрия тарабынан аткарылган оңдоп-түзөө иштерине жана Кара-Көл шаарынын ички жолдорун асфальттоого кеткен бааларды кымбат көрсөтүп, мамлекетке 12,8 миллион сом зыян келтирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан