"К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү" деп шектелген жаран кармалды

2014-жылдын 16-апрелинде КРнын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү" деп шектелген жаран кармалды.

Белгилүү болгондой, 2013-жылдын декабрында чоң көлөмдөгү баңгизаттары, тактап айтканда, 25,6 грамм героин, 4 килограмм 700 грамм марихуана жана 37 килограмм 972 грамм гашиш табылган.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүү адамдын өздүгү такталып, Токмок шаарынын тургуну колго түшүрүлгөн. Маалыматтарга караганда, кармалган адам мурда 4 жолу соттолгон. Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан