Тайырбек Сарпашев "Талды-Булак-Сол-Жээк" кени боюнча тапшырмалар аткарылбай жатканын айтты

Бүгүн, 18-апрелде биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кеминдеги “Талды-Булак-Сол-Жээк” алтын кени боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде аталган алтын кени боюнча мурда берилген тапшырмалар аткарылбаганы белгилүү болду. Бул үчүн Сарпашев “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчилигин кескин сынга алды.

“Бул маселе боюнча бир дагы алдыга жылыш болбоптур. Маселелерди чечмек тургай, силерде кызыгуу дагы жок. “Кыргыз алтын” аталган алтын кендин 40 пайызына ээлик кылганына карабай долбоорду батыраак ишке киргизүү боюнча эч кандай иш жүргөн жок. Эгер ушул темп менен жүрө берсеңер, эл сөзсүз нааразы болот. Сөзсүз өзүн патриотмун, экологмун дегендер эл арасында кыйкырып чыгышат. Ал эми кээ бир саясатчылар тигил же бул алтын кенин жабабыз деп келе жаткан шайлоолорго аттанабыз деп отурушат. Силер ушуну каалайсыңарбы?”- дейт Сарпашев.

Айта кетсек, Орловка шаарынын жана ага жакын жердеги айылдардын тургундары “Талды-Булак-Сол-Жээк” алтын кениндеги калдык сактоочу жайдын Чым-Булак жана Талды-Булак сууларынын башатына курулуп жатышына нааразы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан