Жылнаама, 19-апрель: Мындан 4 жыл мурун Маевка айылында кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы жер талаштан 5 адам каза болгон

*1920-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Эл акыны Тенти Адышев Тоң районунда жарык дүйнөгө келген. Ал чыгармаларында Ата Мекен, туулган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылган. Анын "Заманам", "Жарык дүйнө", "Ак пейил адамдар үчүн", "Ой толгоо", "Менин күнүм" аттуу поэтикалык китептери окурмандарга таанымал.

*1987-жылдын бул күнү Орусиялык теннисчи Мария Шарапова жарык дүйнөгө келген. Ал теннис менен машыгууну төрт жарым жашында атасы Юрийдин кол астында ойноодон баштаган. Теннисчи айым 16 жашында эң күчтүү жаңы оюнчулардын катарына кошулган. Ошондон баштап Мариянын спорттук карьерасы өсүп-өнүгүп отуруп, бир топ жеңиштерди багынткан.

*Мындан 4 жыл мурун Бишкек шаарынын четиндеги Маевка айылында жер талаш болуп, кыргыздар менен түрктөрдүн тополоңунан 5 адам каза болгон. Ошондой эле 29 адам ооруканага жеткирилген. Жаракат алгандардын 10у коопсуздукту сактоо кызматкерлери болушкан. Ошондой эле Маевка айылында жашаган айрым түрк улутундагы тургундардын турак жайлары өрттөлүп жана ИИМдин 3 машинасы толугу менен жарактан чыккан.

*Мындан 3 жыл мурун Роза Отунбаева “Апрель элдик революциясынын баатыры” атайын төш белгиси менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялардын катышуучуларынын коррупциялашкан режимди кулатуудагы өзгөчө сиңирген эмгегин таануу иретинде, патриоттуулукка тарбиялоо максатында 1163 адам төш белги менен сыйланмак.

Жылнаама толугу менен ушул жакта... 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан