Бүгүн, 18-апрелде Спорт Ордосунда ырчы Мирбек Иманбеков "Жаз" аттуу концертин берүүдө. Уюштуруучулар залга эл толсун деп күтүштүбү, айтор, концерт 1 саатка кечигип башталды. Сахна жасалгасы, концерттин аты айтып тургандай, жаздын атрибуту болгон гүлдөр менен кооздолуптур.
Концерт "Дем" театрынын жигиттеринин жаз тууралуу тамашалуу пантомимикалык чыгармасы менен ачылды. Жигиттердин артынан "Назик" бий тобунун бийчилеринин коштоосунда бүгүнкү күндүн күнөөкөрү Мирбек Иманбеков чыгып эл менен учурашып, "Сагындым жазды" чыгармасын тартуулады. Бул чыгармасын аткарып бүткөн соң ал концертти кеч баштагандыгы үчүн көрүүчүлөрдөн кечирим сурап, репертуарындагы хит ырларынан сунду.
Ырчы концертинин алып баруу тизгинин Манас Алыкулов менен Таттыбүбү Назаркулова аттуу бийкечке тапшырган экен, экөө ээрчишип чыгып, куттуктап келген ырчыларды четинен чакырып ырдатышты. Мирбекти кан достору Султан, Акбар, Ирлан, сахналаш инилери Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Эдил Маматов, Чыңгыз Турдубеков, Мирбек Мамасалиев, эжекеси Динара Акулова, "Назик+" тобунун кыздары келип куттуктап, ыр белек сунушту. Ал эми "Дем" театрынын жигиттери мыкты тамашалары менен залды күлкүгө бөлөп жатышты.
Концертте ырчы эл арасында ырдалып жүргөн эски ырлардан жана жаңы чыгармаларынан аткарды. Анын "Сүйүүнүн керемети" ырын сахналаштырып аткарганы көрүүчүлөргө өзгөчө рахат тартуулады.