Жыл башынан бери алдын алуу жана кесепеттерди жоюу боюнча 6 объектиде жумуштар бүттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылы аталган министрликтин Өзгөчө кырдаалга жооп кайтаруу боюнча түндүк борборунун атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чарасына түндүк аймагы боюнча бардыгы 61 объектиде жумуш аткаруу каралган. Учурда 6 объектиде жумуштар бүтүп, 7 объектиде иш жүрүп жатат.