Октябрь райондук милиция кызматкерлери тарабынан уурулук фактысына шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал №199-каттамдагы маршруттук таксинин ичинен белгисиз бирөө күрмөсүнүн чөнтөгүнөн уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, Пригородное айылынын 29 жаштагы Ш.Раиф аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.