Жаңы жылдан кийин, январь айында Кыргызстанда алгачкы жолу күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин курултайы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу комитеттин төрагасы, запастагы полковник Анвар Сартаев билдирди. Анын айтымында, өкмөт 1996-жылдан бери күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин толук пенсияны алуу укугун бузуп жатат. Мамлекеттин ардагерлерге карызы 2009-жылдын 31-декабрына карата 450 миллион сомго жеткен. Уюштуруу комитетинен билдиришкендей, 2012-жылы 500дөн ашык күч түзүмдөрүнүн ардагерлери сотко арыз менен кайрылышкан. “Ардагерлердин социалдык абалы жакшы эмес, аларды коргой турган мамлекеттик органдар милдеттерин аткарбай келишет”,- деп белгиледи Анвар Сартаев. Курултайда укук коргоо органдарынын, аскер кызматкерлеринин социалдык-укуктук абалы жана алардын үй-бүлөлөрү боюнча суроолор коюлат.