Ош. Алайда "Жылдын мугалими-2014" кароо-сынагы өттү

Кечээ, 18-апрелде Алай районунда Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата "Чыгармачыл мугалим - билим сапатынын негизи" аттуу райондук "Жыл мугалими-2014" кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Аскар Машеров билдирди.

Маалыматка караганда, сынактын соңунда Муса Адышев атындагы №1-орто мектептин мугалими Гүлдана Калыева жеңүүчү аталып, ага 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми 2-орунду ээлегендиги үчүн Т.Сопиев атындагы №8-орто мектебинин мугалими Нуржамал Акматалиева жана 3-орунду ээлегендиги үчүн Б.Нарматов атындагы №36-орто мектептин мугалими Арстанбек Сарыбаев диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
soccer_boy95
2014-04-24 16:10:41
азаматсыз эжеке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан