Түштүк Кореяда кырсыкка учураган кеменин капитаны камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка караганда, кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып жатат. Ал кырсык болор замат тиешелүү чара көрбөстөн, жүргүнчү катары биринчилерден болуп кемени таштап кеткен.
Айта кетсек, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери. Кырсык жээктен 100 чакырым алыстыкта катталган. Анда кеме суу алдындагы тоо кыркаларын сүзүп алып, мындан улам кеме чөгө баштаган. Буга коюу тумандын себеп болгону айтылууда. Кырсыктын кесепетинен 270ке жакын адам дайынсыз болууда. Ал эми каза болгондордун саны 28ге жетти.