Жыл башынан бери борбор шаарда 2 миңге жакын кылмыш иши козголуп, анын 1,5 миңге жакыны сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 3 ай ичинде Бишкекте 167 тоноо фактысы катталып, анын 95инин бети ачылган. Ал эми уурулук фактысы боюнча 1060 кылмыш катталса, бүгүнкү күнү алардын жарымынын бети ачылды.