Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жарылуудан жабыркаган балдардын абалы менен таанышты

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өлкөнүн түштүк аймагына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында жарылуудан жабыркаган балдардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 19-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн өкмөт башчы Баткен районунун Кара-Бак айылында болду. Анда 17-апрель күнкү жарылуудан каза болгон балдардын туугандарына көңүл айтып, материалдык жардам катары 50 миң сомдон берди. Андан кийин премьер-министр Баткен облустук ооруканасында болуп, жабыркаган 3 баланын абалы менен таанышты. Ошондой эле алардын ата-энелерине 25 миң сомдон материалдык жардам көрсөттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан