Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: "Өкмөт мындан кийин да чек арачылардын жашоосун жакшыртуу чараларын көрөт"

Өкмөт мындан кийин да чек арачылардын жашоосун жакшыртуу чараларын көрөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кечээ, 18-апрель күнү Баткен облусундагы чек ара заставаларынын абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

“Өкмөт мындан кийин да чек арачылардын жашоосун жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Ошол эле учурда чек арачылар мамлекеттик чек араны сактоодо кызматын так аткарышы керек”,- деди Абдырахман Маматалиев.

Айта кетсек, кечээ, 18-апрелде вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев иш сапары менен Баткен облусунда болгон. Анда “Миң-Булак” жана “Ак-Сарай” чек ара заставаларындагы чек арачылардын жашоо шарты менен таанышкан болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан