* Мындан 146 жыл мурун манасчы Сагымбай Орозбак уулу Ысык-көл облусунда жарык дүйнөгө келген. Ал "Манас" айтууга 14-15 жаш курагынан тартып кирише баштаган. Сагымбай Орозбак уулунун оозунан дастандын биринчи бөлүгү "Манас" гана жазылып алынган. Замандаштарынын айтымында, өзүн семетейчи деп эсептеген. Анын айтуусунда "Манас" эпосун жазуу иши 1922-жылы башталып, манасчынын ден соолугу кескин начарлашына байланыштуу дастанды кагазга түшүрүү 1926-жылы токтотулган.
* 1889-жылдын бул күнү Адольф Гитлер жарык дүйнөгө келген. 1933-жылы 30-январда Гинденбургдун президенти Гитлерди эң ири партиянын лидери катары Рейхстагда канцлер кылып дайындаган. Ошентип, 1934-жылдын 2-августуна чейин өзүнүн пландарын ишке ашырып отуруп, президенттин өлүмүнөн соң Гитлер канцлер менен президенттик постту бириктирип бийликти колго алган. Гитлер 1935-жылы Версал келишиминдеги курал чыгарууга коюлган чектөөлөрдөн баш тартып, аскердик авиация, суу астындагы флот, линкор түзө баштаган. 1941-жылы 22-июнда Советтер Союзуна кол салган. Бирок анын тилеги ишке ашпай, 1945-жылдын 30-апрелинде аялы Ева Браун менен чогуу атынып өлгөн.
*1940-жылдын бул күнү “Фрунзе” асфальт-бетон заводу ишке кирген. Заводдун биринчи продукциясы "Ала-Тоо" кинотеатрынын полун асфальттоого жумшалган. "Фрунзе" асфальт-бетон заводунан чыгарылган продукция борбор шаардын көчөлөрүнө, сейил бактарга төшөлүп, ал түгүл кийин республиканын жер-жерлерин байланыштырган унаа жолдордун салынышына колдонула баштаган.
*2010-жылдын 20-апрель күнү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган. Кылмышкерлер андан 1 миллион доллар талап кылышкан. Кийин аны Байтик айылынан табышкан. Ажы бул окуядан эки ай өтпөй рак оорусунан көз жумган.