Бүгүн, 19-апрелде Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун Жазгы фестивалынын 1-күнү өтүүдө. Көрүүчүлөр залдан орун алып, саат 19:10до оюн башталды. Сахнага чыккан "Тамашоунун" алып баруучусу Эрмек Нурбаев оюнду ачык деп жарыялап, өнөрлөрүн көрсөтүүчү командаларды эл алдына чакырды.
"Позитифф", "Кыргыз двор", "Ассорти", "Тамашарики", "Бишкек", “Тумар”, “Арабаев”, “Бойдоктор”, “Мисс шоу”, “31-33”, “Кемин”, “National” жана “Made in China” командалары "Мыкты команда", Мыкты оюнчу" жана "Мыкты тамаша" наамдары үчүн ат салышышат.
Командалардын өнөрлөрүн дасыккан калыстар тобу баалашат. Алар: режиссёр Рысбек Жабиров, эстрада ырчысы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын шеф-редактору Гүлзат Мамытканова, ырчы мырзалар Омар жана Арсен, юрист Жоомарт Жолдошев, Ташчайнар мырза.
Таймашты кыска форматтагы “Авангард”, “Асылкеч”, “Үч кошкон”, “Официанттар”, “Азми”, “МК шоу” жана башка командалар ачып беришти.