Бүгүн, 19-апрелде Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун Жазгы фестивалынын 1-күнү өттү.
Жазгы музыкалык фестивалда ат салышкан кыска форматтагы “Авангард”, “Асылкеч”, “Үч кошкон”, “Официанттар”, “Азми”, “МК шоу”, “Таластар”, “Apple” командаларынын катышуучулары мектеп окуучулары болушса да, дүйнө таанымы жогору экенин далилдешти. Калыстар тобу да алардын келечеги кең экенин белгилеп өтүштү.
Ал эми мыктынын мыктысы болуу үчүн ат салышкан "Позитифф", "Кыргыз двор", "Ассорти", "Тамашарики", "Бишкек", “Тумар”, “Арабаев”, “Бойдоктор”, “Мисс шоу”, “31-33”, “Кемин”, “National”, “Made in China” командалары биринен бири өтүп көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулашты.
Командалардын өнөрлөрүн режиссёр Рысбек Жабиров, эстрада ырчысы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын шеф-редактору Гүлзат Мамытканова, ырчы мырзалар Омар жана Арсен, юрист Жоомарт Жолдошев, Нурлан Алишеров (Ташчайнар) баалашты. Бардык командалар күчтүү болгондуктан, жеңүүчүлөрдү аныктоо оңойго турган жок.
Жыйынтыгында “Мыкты оюнчу” наамына “Тамашарики” командасынын 3 жигити татыктуу болушту.
“Мыкты тамаша” наамы 2 командага: “Арабаев” жана “Бишкек” командаларына ыйгарылды.
“Мыкты команда” наамына “Позитифф” курама командасы ээ болду.
Белгилей кетсек, эртең, 20-апрелде "Тамашоунун" Жазгы фестивалынын 2-күнү өткөрүлмөкчү.
"Тамашоу" долбоору түптөлгөндөн тарта элге мыкты тамашаларды гана тартуулап тим болбостон, өлкөнүн атын чыгарган командаларды тарбиялап чыгарууда. Бул долбоорго катышкан шайыр жаштар тапкычтыгы менен элди күлкүгө бөлөп, позитивдүү маанай тартуулап келишет.
Анда такшалып жаткан улан-кыздар кыргыз элине бир гана күлкү тартуулабастан, таамай айтылган тамашалары менен коомдогу терс көрүнүштөрдү чымчып өтүшүп, аң-сезимин ойготууга салым кошуп келишет. Келечектен көптү үмүттөндүргөн өнөрлүү жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болгон долбоор аркылуу таанылган командалардын катышуучулары бүгүнкү күндө бийиктиктерди багындырышууда.
Алар Орусияда өткөрүлгөн КВНге да катышып, өлкөнүн намысын коргоп келишет. Ошондой эле кыргыз тасмаларында комедиялык ролдорду жаратышып, ар кандай долбоорлорго тартылышып эл оозуна алынууда. Бул жагымдуу көрүнүш жыл санап кулачы кеңейип жаткан "Тамашоунун" келечеги мындан да кең экенинен кабар берет.