Ош. Жоомарт Оторбаев иш сапарынын жүрүшүндө Араван районунун Кең-Сай жаңы конушуна барды

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 19-апрелде Ош облусунун Араван районуна караштуу Кең-Сай жаңы конушуна барды. Өкмөттүн 2011-жылдагы токтомуна ылайык, аталган конушта турак жай салууга жер үлүштөрү бериле баштаган. Бирок аталган аймакта жашоого болгон таза суу, электр жарыгы жоктугунан улам жарандар барыша элек. Өкмөт башчы кырдаал менен жеринен таанышып чыккан соң, канча каражат керектелерин тастыктады. Жергиликтүү бийликтердин айтуусунда, Кең-Сай аймагына бардык шарттарды түзүп берүү үчүн 630 миллион сом керектелет. Айта кетсек, аталган аймактан 4 миңден ашуун жаран жер тилкесин алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан