Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 19-апрелде иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Барак эксклавында болду. Анда тургундарга Кара-Суу районунун Отуз-Адыр аймагынан жер тилкелери берилгендиги боюнча жана жаңы конуштун көйгөйлөрү менен таанышты. Ошондой эле айыл эли менен жолугушуп, маселелердин чечүү жолдорун талкуулады.
Жаңы конушка 150 орундуу 1 мектеп, 100 орундуу бала бакча жана фельдшердик-акушердик пункт курулары белгилүү болду. Айта кетсек, Барак эксклавында 743 жашоочу бар.