Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү
27-декабрда Жогорку Кеңеште "КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттары жүйөсүз себептер жок катары менен төрт жолу кеңештин жыйынына катышпаса, депутаттык мандатынан ажырайт деген норма киргизилип жатат. Ал үчүн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл. ЖКнын Тармактык комитетинин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, мындай норма жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилигин көтөрүү максатында киргизилип жатат.